Асхат Пирназар уулу
«Кант ТШП» ЖЧКсынын каржы директору
Асхат Пирназар уулу Борбордук Азиядагы Америка университетин "Бизнести башкаруу" багыты боюнча, каржы, инвестиция жана банк иши адистиги менен аяктаган. Ал каржы секторунда чоң тажрыйбага ээ жана ар кандай уюмдарда негизги кызматтарды аркалаган. Учурда «Кант ТШП» ЖЧКсынын каржы директору болуп эмгектенип, компаниянын бардык каржылык операцияларын көзөмөлдөйт, ошондой эле каржылык пландоо жана отчеттуулук үчүн жооп берет.