КАНТ ТҮТҮК-ШИФЕР ИШКАНАСЫ
1967-жылдан бери иштеген биздин завод продукциянын ар бир түрүнө карата шайкештиктин мамлекеттик тастыктамалары менен ырасталган, жогорку сапаттагы хризотилцемент продукциясын чыгарган Кыргыз Республикасынын аймагындагы жалгыз ишкана болуп саналат. 2015-жылдан тартып ишкана чыгарган продукциянын линейкасын кеңейткен. Фиброцементтик баракчаларды жана фиброцементтик черепицаларды өндүрүү боюнча жаңы линиялар иштеп баштады.
"КантТШИ" (Кант түтүк-шифер ишканасы) Кыргыз Республикасынын борбор калаасы Бишкек шаарынан түндүк-чыгыш багытта 22 км аралыкта Чүй өрөөнүндө жайгашкан.
-
ТОП 10 өндүрүүчүлөр
Завод КРнын ири өндүрүштүк ишканаларынын ТОП 10 катарына кирет
-
Тажрыйбалуу жамаат
Квалификацияны жогорулатуу, чет өлкөлүк адистерди тартуу
-
57 жылдык тажрыйба
Жарым кылымдан ашык тарыхы бар завод
-
Алдыңкы жабдуу
Заводдун кубаттуулугун туруктуу модернизациялоо
БИЗДИН ӨНДҮРҮШ
-
ШИФЕР
Чыдамдуулук
Үнөмдүүлүк
Суукка чыдамдуулук
Төмөнкү жылуулук өткөрүүчүлүк
-
ТҮТҮКТӨРДҮ ӨНДҮРҮҮ
Хризотилцемент түтүктөрүнүн артыкчылыгы
Узак мөөнөткө кызмат өтөйт
Дат баспайт
Жылуулук өткөрүү коэффициенти төмөн
Жеткиликтүү