«КантТШИ» өз кызматкерлерин уюмдун баалуу активи катары эсептейт жана эң мыкты кесипкөй жана тажрыйбалуу адистерди ишканада иштөөгө тартууга умтулат. Биздин ишкана өлкөнүн мыкты ЖОЖ бүтүрүүчүлөрүнө жана студенттерине дагы позицияларды сунуштайт, алардын жаңы идеялары жана сунуштары ишкананын ишине оң таасирин тийгизиши мүмкүн. Кесипкөй персонал – ийгиликтин маанилүү факторлорунун бири. «Кант ТШИ» ЖЧК кызматкерлерге өз милдеттерин жакшы аткаруу жана демилге кылуу мүмкүнчүлүгүн берген, натыйжалуу уюштуруу түзүмүн түзүүнүн жана колдоонун үстүнөн иштейт, мындай жол менен заводдун негизги иштиктүү белгилерин аныктайт:
► эл аралык сапат стандарттарын эске алуу менен эмгектин өндүрүмдүүлүгү;
► чечим кабыл алуудагы ийкемдүүлүк;
► кардарларга жекече мамиле;
► өз ара пайдалуу жыйынтыктар менен өнөктөштүк.
Ошондой эле ишкана өз кызматкерлеринин өнүгүшүнө жана кесипкөй өсүшүнө олуттуу көңүл бурат. Кызматкерлер өлкөдө жана анын чегинен тышкары кызматкерлердин кесиптик көндүмдөрүн жакшыртууга багытталган ар кандай семинарларга жана тренингдерге катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Продукциянын сапатын туруктуу негизде жакшыртуу үчүн Индиядан, КЭРден, Бельгиядан, Пакистан Республикасынан чет өлкөлүк адистер тартылат.